Слова песни » Поп-музыка » Begish - Сынба, текст песни
Begish - Сынба, текст песни
0 0 00
На этой странице опубликован текст песни "Сынба". Исполнитель - Begish. Слушайте песню онлайн на смартфоне Android, iPhone или компьютере здесь.

Begish
Сынба

!
  • Просмотров: 450
  • Комментариев: 0
  • Дата публикации: 2021-10-30

Текст песни

Акча колдун кири
Алгын досум билип
Алдап тапкан акча
Бир жериңди кетет тилип
Калп сөз сенин оюң
Жашоо чындап оюн
Ойнойсун баары бир
Каарманыңды өмүр бою
Уруштар болот биздин турмушта толо
Унутпа бирок бул жашоодо баары конок
Ачуу кезде болуп калат бирөө жарым чолок
Алипедеги тарбия чын жашоодо жомок
Сомдун артынан чуркап сен айрылбагын достон
Билгин урматтабайт элдер, саран келген босту
Достор керек сага сени ок атканда тоскон
Жакшылыкта баары жакын, айтып коёт тостун

Жамандык башына түшкөндө жардамсыз тилек
Андай учурларды сезгендер сөзүмдү билет
Өчсө дагы өмүр шамын эч өчпөсүн жүрөк
Билем баары жакшы болот деген ойдо жүрөм

Жаратканым жалга
Жолун тапсын балдар
Жашты эрте алба
Азайбасын сандар
Кыймылдагын калбай
Кайгыга башың салбай
Өчүп калса шамдарың
Эми башка жанбайт
Кыйналганда сынба
(Билгин баары алдыда)
Көңүл бурба сынга сен
(Элдер айта берет)
Эки жүздүк кылба
(Калп өмүр өткөрбө)
Жашагын сен чындап

Акыйкатты ойно
Акырээтти ойло
Буттарын жок болсо дагы
Адилеттүү сойло
Себеби өмүр кайталоого ынабайт экен
Жараткан сени эки жолу сынабайт экен
Бир эле мүмкүнчүлүк бир эле лайф жетет
Колдонбосоң аны тыкан сенден кайып кетет
Ар бир күн толтура жолдорду сага ачып берет
Уктап жатсан качып кетет
Ырыскынды чачып кетет
Көздөрүңдү ачкын жетет
Катаңты кайталаба
Каласың кайтара албай
Жалгыз сен ай талаада
Жатарга жай таба албай
Түгөнүп чай чамадай
Өзүңдү өзүң башкар
Жардам бербейт тамада

Жамандык башына түшкөндө жардамсыз тилек
Андай учурларды сезгендер сөзүмдү билет
Өчсө дагы өмүр шамын эч өчпөсүн жүрөк
Билем баары жакшы болот деген ойдо жүрөм

Жаратканым жалга
Жолун тапсын балдар
Жашты эрте алба
Азайбасын сандар
Кыймылдагын калбай
Кайгыга башың салбай
Өчүп калса шамдарың
Эми башка жанбайт
Кыйналганда сынба
(Билгин баары алдыда)
Көңүл бурба сынга сен
(Элдер айта берет)
Эки жүздүк кылба
(Калп өмүр өткөрбө)
Жашагын сен чындап

Оо кудайым жалга
Жолун тапсын балдар
Жашты эрте алба
Азайбасын сандар
Кыймылдагын калбай
Кайгыга башын салбай
Очуп калса шамдарын
Эми башка жанбайт

Кыйналганда сынба (билгин баары алдыда)
Конул бурба сынгаа сен(элдер айта берет)
Эки жуздук кылбаа (
Калп омур откорбо )
Жашагын сен чындап

Понравился текст песни? Оставьте комментарий ниже

Комментарии (0)
Добавить
Похожие песни